«Мугалим – өлкөнүн улуттук байлыгы»

2019-жылдын октябрь айында ЮНЕСКОнун Кыргызстандын Улуттук Комиссиясынын каржылык колдоосу жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы менен Ибрагимова Гайша Жусупбековнанын жетекчилиги астында САШ ЮНЕСКО Кыргызстан жана «Илим» коомдук бирикмеси «Билим берүү мекемелеринин союзу» ассоциациясы менен биргеликте «Мугалим – өлкөнүн улуттук байлыгы» форумун өткөрүштү.

Иш-чара Кыргызстандын коомчулугунун, жалпы элдин жана мамлекеттик органдардын көңүлүн мугалимдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымына, мугалимдин кесибин кайрадан таануу жана сыйлоо зарылдыгына буруу максатында уюштурулган. Ошондой эле заманбап мектептердин жана мугалимдердин тез арада чечүүнү талап кылган көйгөйлөрүн эл жана мамлекеттик органдар биргеликте чечүүгө чакырды.

Форумга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп директорлору жана мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, ошондой эле педагогикалык факультеттердин акыркы курсунун студенттери чакырылган. Студенттер форумдун катышуучуларынын мугалимдин маанилүү ролу тууралуу баяндамаларынан абдан таасирленишип, бул асыл кесипке өздөрүн арноого шыктанышты.

Форумдун алкагында каалоочулардын арасында «Менин жашоомдогу мугалим» аттуу эссе-конкурсу өткөрүлдү.

Бул акциянын максаты – элдин мугалимге болгон көңүлүн бурдуруу, ар бир адамды өз мугалимин эстеп, анын жашоосунда кандай из калтырганын ойлонууга чакыруу болду.

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)