Окуучулардын ийгиликтери

Бүгүн биз 11 «А» класстын окуучусу Тюлюбеков Тамерланды УБТдөн (Казакстанда колдонулган мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн бирдиктүү улуттук тестирлөө) алган жогорку баллs менен куттуктайбыз.
Казакстандын мыкты университеттерине өтүү упайы 71 болгонуна карабастан, Темирлан 77 упайга ээ болду!
«Илим» ББК менен Казакстандан келген баланын буга кандай тиешеси бар?» - деп сурашыңыз ыктымал. Биз сиздерге айтып беребиз.
Тюлюбеков Тамерлан - Казакстан элчилигинин кызматкерлеринин баласы. Ал бизге, жеке билим берүү борборуна ушул жылдын башында келген. Билимди өркүндөтүш керек болчу, ошол эле учурда казак аттестатын алуу керек болчу. Ошондуктан, Темирлан ал жакта да бул жактада окуду.
Бүгүн «Илимдин» Темирланга берген билимин колдонуунун натыйжасын көрүп жатабыз!
Бүтүрүүчүнүн ата-энеси ОК «Илимдин» жалпы жамаатына терең ыраазычылыктарын билдиришет.