ЮНЕСКОнун Ассоциацияланган мектептеринин онлайн жолугушуусу

Борбордук Азиядагы ЮНЕСКОнун Ассоциацияланган мектептеринин суб-регионалдык маалыматтык онлайн жолугушуусуна биздин кесиптештер катышышты.
Бул жолугушууда негизги көңүл ЮНЕСКОнун билим берүү, социалдык-гуманитардык илимдер жана маданият, приоритеттүү багыттары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, маданий мурастарды сактоо, ошондой эле ЮНЕСКОнун ассоциацияланган мектептердин мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу темаларына бурулду.
«Илим» мектебинин мугалимдери дискуссияларга жана дебаттарга активдүү катышкандыгы менен айырмаланды. Биздин комплекстин иши жөнүндө айтып беришип жана жаңы демилгелер жана сунуштар менен чыгышты.
Эки жолугушуунун жыйынтыгында биздин мектепке өзгөчө көңүл бурулгандыгын сыймыктануу менен белгилей кетсек болот. Катышуучулар тарабынан биздин мугалимдерибизге ыразычылыгын билдиришип жана ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы тармагынын координатору катары эбегейсиз салым кошкон маркум Гайша Ибрагимованы да эскеришти.