Тынчтык күнү

21-сентябрь, 2019-жыл ОК «Илим» глобалдык Тынчтык бир күнү кыймылына кошулду - Тынчтык күнү - глобалдык биримдиктин күнү, ок атышууну токтотуу жана зордук-зомбулукту токтотуу үчүн болуп көрбөгөндөй масштабдагы маданияттар аралык кызматташтыктын күнү. Бул дүйнө жүзү боюнча зордук-зомбулуктун эң көп азайган күнү; мектеп чөйрөсүндө эң катуу чагылдырылган жүрүм-турумдун өзгөрүшү.

Биздин комплекс ЮНЕСКОнун ассоциацияланган мектеби катары билим берүү, сөз эркиндиги, маданияттар аралык диалог, адам укуктарын урматтоо, маданий көп түрдүүлүк жана илимий кызматташтык аркылуу тынчтыкты куруу боюнча бардык иш-чараларды колдойт.

Бул күнү биздин билим берүү комплексинде бардык балдардын жана мугалимдердин катышуусунда линейка болуп өттү. Ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучулары жана мектеп окуучулары үчүн тынчтык сабактары өткөрүлдү. Ар бир адам бул күндүн маанилүүлүгүн түшүнүшү керек, анткени биз дүйнөдөгү тынчтыкты каалайбыз!

Комплекстин аймагына тынчтык мамысы орнотулуп, ага биздин Илимчилер кагаз турналарды коюшту. Анткени, турна - күндүн кушу, ден соолуктун, узак өмүрдүн жана, албетте, тынчтыктын символу!

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)