Мектеп ашканасында тамактануу
«Илим» билим берүү комплексинде үч маал тамактануу жүргүзүлөт жана тамак ашы ар түрдүү.
Биздин ашпозчулар медиктер менен биргеликте наристе курактагы балдар жана чоңураак балдар үчүн атайын менюну түзүшөт. Белоктор, майлар, углеводдор жана жетиштүү калория саны менен – баары тең баланстандырылган. Жума сайын бала бакча жана мектеп үчүн меню жаңыртылып турат.
Мектеп ашканасынын тамак-ашы тууралуу бизге ашкананын башчы ашпозчусу Боронбаев Азамат Жанышбекович айтып берди.