Англис тил сабактары
«Илимде» англис тили тереңдетип окутулуп жатат. Бул жерде Британиянын китептери менен иштешет. Ал эми андан да кызыктуу сабактарды алуу үчүн – жигердүү долбоор ыкмасы колдонулат.
Бул тактика окуучуларга сабактын алкагында гана эмес, ошондой эле мектептен тышкаркы англис тилин эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
9 класстан тартып TOEFL/IELTSке катышуу боюнча даярдык башталат. Көптөгөн Илимдин окуучулары 10 класстан баштап эле TOEFL боюнча алдын ала тапшыруу тестин БААУнин базасында ийгиликтуу тапшырышып, эң жакшы өтүү баллдарын топтошушат. Биздин англис тилин окутуу усулдарынын жардамы аркылуу билим алышып, «Илимдин» бүтүрүүчүлөрү эч жолтоосу жок эле чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына өтүүдө.