Robotex International
Биздин «Илимдин» окуучулары Муктаров Арсен жана Ислам Закиров Эстонияда роботтехникасы боюнча өтө турган эл аралык олимпиадага катышышат.
29 ноябрдан 1 декабрга чейин Эстониянын борбордук көргөзмө имаратында 40 өлкөдөн келген катышуучулар менен бирге "Robotex International" Роботехника фестивалы өтөт.
"Robotex International" алкагында ишке ашырылып жаткан эл аралык олимпиада - бул робот жасоо жана программалоо жаатында өз билимдерин көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк, ошондой эле акыркы заманбап технологиялар менен таанышуу болуп саналат.
Биздин балдарды ийгилик коштосун!
Олимпиада биздин убакыт боюнча 14:30да YouTube - "Robotex" каналында түз корсотулот.
YouTube-каналына жолдомо https://www.youtube.com/user/RobotexEstonia