Мугалимдер күнү менен!
Кымбаттуу биздин мугалимдер! Сиздерди Мугалимдер күнү мнен куттуктайбыз! Сиздердин балдарга болгон сүйүүңүздөрдү, ишиңиздерге берилгендигиңиздер үчүн, сабырдуу жана түшүнүктүү болгонуңар үчүн, берешен, ачык жүрөктөрүңүздөрдү жогору баалайбыз! Бекем ден-соолукту, кажыбас кайратты, бийик рухту, кубанычты, түйшүктүү оор иштериңиздерде, жашооңуздарда албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Сиздерди дайыма сүйүү, боорукердик, кубаныч жана биздин ыраазычылыгыбыз коштоп турсун!
Ошол себептүү бүгүн «Илимде» өзгөчө күн! Бул кун биздин Мугалимдерибизди салтанаттуу тосуп алуу менен башталып, агай-эжелерге арналган линейка менен улантылды. Мугалимдер бүгүн өзгөчө орунда. Ал эми жогорку класстын окуучулары болсо 12 «у» классына өзгөчө сабак өтүп жатышат.