Көчмө мектеп
Бул жолу башталгыч класстын окуучулары ата-энелери менен көчмө мектепте болушту.
Жаратылыштагы сабактар аябай кызыктуу жана алгылыктуу болду. Түштөн кийин балдар таза абада аябай оюндарын кандырышты.
Биринчи класстын окуучулары жана жаңы келген балдар көчмө мектеп аркылуу биздин мектепке батыраак көнүп кетээрин практика көрсөтүп жатат. Көчмө сабактардан кийин илимчилер бир бекем команда болуп, андан кийин да классташтары менен эле эмес, башка класстын окуучулары менен да достошуп калып жатышат!