Менин жашоомдогу Мугалим

Адамзаттын тарыхындагы адамды кыйынчылык мезгилден өткөрүп, жашоого кайрып келген бир гана Мугалим болуп эсептелет! Дүйнөгө жана өзүнө болгон жакшы көз карашы менен эмгекчилдиги жана чын аракети менен адамды даңгыр жолго салган, ишенимди арттырган Мугалимди жашоосунда кезиктирген адам кандай гана бактылуу!

Акыркы он жылдыкта мугалимдин коомдогу орду, баалуулугу жоголуп кетти. Өлкөнүн келечеги мугалимдин эмгегинен көз каранды болгон бул ардактуу кесиптин баркы кетти. Бул жөнүндө чоң сүйүү жана кейүү менен Николай Константинович Рерих мындай деп айткан:

«Бардык өлкөлөрдө мугалимдер элдин чыныгы тарбиячылары болушсун. Алар элге өтө көп билим бериши керек, ал эми эл алардын жашоосун ийгиликке толтуруп бериши керек. Четке кагылган, кемсинтилген адам кичинекей жеткинчектерге жашоонун жыргалчылыгы тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтип бере алабы? Мугалимдерди жокчулукта, жетишпестикте калтырган өлкөгө кандай уят? Балдарын окутуп жаткан мугалиминин материалдык ахыбалын көрүп туруп кайдыгер караган адамга кандай уят? Келечек урпактарынын мугалимдерине кам көрбөгөн элге уят эле эмес, бул барып турган макоолук, түркөйлүк! Балдарыбызды кантип түйшүккө малынган, жашоосуна капаланган адамдын колуна тапшырып бере алабыз? Кайгы мамилеге кандай таасир берерин унутуп коёбузбу? Жашоодо өзүн баскан адамдан кубаныч же өзгөчө бир нерсени күтүүгө болобу? Мугалимдик кесипти кереги жок жаман кесип деп эсептөөгө болобу? Балдардын рухий жан дүйнөсүнүн дүркүрөп өсүшү мүмкүнбү, эгерде мектеп кемсинтилүүнүн, таарынуунун, жокчулуктун орду боло турган болсо? Тишти кычыратуу менен бир нерсенин курулушун элестете аласызбы? Рух унчукпай турганда, жүрөк отунун жалындаганын күтүүгө болобу? Мугалимин унуткан эл, өзүнүн келечегин унуткан эл! Мугалим өлкөнүн эң баалуу байлыгы болушу үчүн кам көрөлү!»

Бул акциянын максаты-элдин көңүлүн мугалимге буруу. Ар ким өз жашоосунда анын мугалими кандай из калтырып,кандай таасир эткендигин эстерине салуу!

Убакыт таап өзүңөрдүн мугалимиңер тууралуу эссе жазууңарды өтүнөм! Эгерде ошол эссеге ал мугалимдин сүрөтүн тиркеп, же ал жөнүндө видеотасманы тартып койсоңор, андан бешбетер жакшы иш кылган болосуздар! Өзүңөрдүн Мугалимиңерди баатырга айландыргыла!

Өзүңөрдүн эссеңердин алдына #даңтаймын жана\же #славлюучителя аттуу хештег коюну унутпаңыздар

image 01
image 02
image 03
image 04
image 05
image 06

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)