Билим күнү!
«Илим» билим берүү комплексинин аймагында Билим күнүнө арналган майрамдык линейка болуп өттү. Бул майрам мектептин Башкы директору Ибрагимова Гайшанын жана Аткаруу директору Эсеналиева Гүлжамалдын салтанаттуу каалоо сөздөрү менен башталды. Педагогикалык жамаат дагы жаңы окуу жылынын башталышы менен бардык тарбиялануучуларды кызуу куттукташты О.э. илимчилерди куттукташып, акыл-насаттарын, тилектерин айтышты. Ушундай эле куттуктоо менен бүтүрүүчүлөр да чыгышты. Өлкөнүн гимни жаңырып, Кыргыз Республикасынын туусу көтөрүлдү. Андан кийин баары мектеп гимнин угушту. 11 класстын окуучулары 1 класстын окуучуларына белектерин тапшырышты. Коңгуроо жаңырып,салтанаттуу линейка аяктады. 11 класстын окуучулары биринчи класстын окуучуларын алгачкы сабактарына жетелеп алып барышты.
Ал эми 2 класстан 11 класска чейинки окуучулар линейкадан кийин Ысык-Көлгө көчмө мектепке жөнөштү. Биз сөзсүз бул пайдалуу жүрүштүн сурөттөрү мнен бөлүшөбүз.
Бардыгыңыздарга ийгиликтүү жана жемиштүү окуу жылын каалайбыз!