Мектеп автоунааларына токтоочу жай
Азыркы учурда «Илим» билим берүү комплексинде балдарды ташуучу 10 автоунаа бар. Жаңы окуу жылынын башына биз унаа токтотуучу жай даярдап койдук. Жакында атайын белгилер даяр болот. Биздин кичинекей тарбиялануучулар өздөрүн эркин сезиши үчүн, биз жол эрежелери боюнча белгилерди жана атайын кичинекей светофор орнотуп койдук.
Бул жумуштар окуучулар жол эрежелерин билиши үчүн жана мектеп территориясындагы жалпы кооопсуздук үчүн атайын жасалган.