Ар дайым биздин эсибизде…
ОК «Илимдин» башкы директору Ибрагимова Гайша Джусупбековнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу дүйнөнүн төрт бурчунан бизге көңүл айтуу жана колдоо сөздөрү келип жатат.
Анын жүздөгөн шакирттери дүйнөнүн ар бурчунан ыраазычылык жана сый-урмат сөздөрүн жөнөтүп жатышат. Алардын ар бири үчүн ал укмуштуу айым, чыныгы адис, экинчи эне…
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Гайша Джусупбековнанын туугандарына көңүл айтты.
Чындыгында, Гайша Джусупбековна дүйнөнүн чыныгы жараны болгон. Анын элеси ар дайым биздин эсибизде…