Жаркын элес
Коркунучтуу жаңылык «Илим» коллективине өтө катуу тийди. Бүгүн биздин Гайша Жусупбековна көз жумду, анын сиңдиси Сагын Жусупбеков каза болгонуна 5 күн дагы болгон жок ...
Бүт коллектив шок болуп алапайларын таппай туруп калышты. Гайша «Илимдин» мээси, стратеги жана туусу болучу. Ал бул жашоого сейрек келүүчү укмуштай аял болгон. Абдан акылдуу, психолог, адамдын жан дүйнөсү боюнча эксперт, меценат, ар дайым эң жогорку жоопкерчиликте жана эң жогорку деңгээлде турган Гайша Джусупбековна «Илимдин» кемесин жаңы жана чоң-чоң бийиктиктерге жеткирген.
Жакында эле ал билим берүүнүн жаңы парадигмасын киргизип жаткандыгын, жаңы шарттарда мектептин жашап кетүү стратегиясын иштеп чыккандыгын жарыялаган эле. Анан анын биз менен эмес экенине кантип ишенсек болот! Муну кантип кабыл алабыз?! Мындай орду толгус жоготуу ар бир кызматкердин жүрөгүнө чоң сокку! Биз, Илимдин кызматкерлери, болгон окуяга ишене албайбыз, каалабайбыз жана ишенгибиз да келбейт!
Кечээ баары: «Гайша, оорудан сакайып кет, өлүм чеңгелинен чык! Сиз ушунчалык күчтүүсүз!» – деп кудайга жалынып жатпадык беле.
Биз ушунчалык анын сакайып кетээрине ишенгенбиз! Бүгүнкү күндө айлабыз жок, өзүбүздү коёрго жер таппай, тынч тура албай, ойлоно албай тургант убагыбыз. Биз үй-бүлөөсү менен гана ыйлай алабыз.
Жаткан жериң жайлуу болсун!