Бала бакча карантинде
Бала бакчанын кичинекей тарбиялануучулары карантин учурунда убактыларын текке кетирип жатышкан жок: кызыгуу менен ырларды жатташып, сурөт тартып жатышат. Кун тартибин көнулдөн чыгарбай, билим алууну эс алуу менен айкалыштыруу - ата-энелердин эн мыкты чечими.
Балдар тарбиячыларын абдан сагынууда. Биз дагы аларды сагындык. Жакында болуучу жолугуушуну чыдамсыздык менен күтүүдөбүз.
Ал эми сиз өзүӊүздүн баланыз менен карантин мезгилин кантип өткөрүп жатасыз? Эгерде балдарды кызыктырууга идеяныз түгөнсө, биздин кенештерибизге кулак салгыла:
- Сүрөттүү китеп жасайбыз. Каталогдон же болбосо журналдан сүрөт кесип алабыз. Дептерге чаптайбыз да сыртын кооздойбуз. Бул иш аракет баланын фантазиясын жана кичи моторикасын өнүктүрөт.
- Музыкалуу сүрөттөрдү тартабыз. Музыканы ойнотобуз. Бир барак кагазга музыка менен төп келишкен ар түрдү фигураларды тартабыз. Элестетип ой жүгүртүүнү абдан жакшы өнүктүрөт.
- Бат ойлонобуз. Биринчи оюнчу кандайдыр бир сөздү бат айтат. Экинчи оюнчу ушул сөзгө байланышкан кандай ой келгендигин айтат. Сөздөрдү бат жаттоого жана мейкиндикке ой чаптыруучу эн жакшы иш аракет.
- Фант оюну. Оюнчулардан фанттарды чогултабыз. Бөлөктөрдөн «Фанттын ээси эмне кылыш керек?» деген суроону беребиз. Бүт үй-бүлөөнү бириктирүүчү оюн.