Вероник Гаррет менен жолугушуу
3-мартта биздин мектепте Улуу Британиянын элчисинин жубайы Вероник Гаррет жана 9-11-класстын окуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууда «Майып балдар жана коом» деген маанилүү тема талкууланды.
Вероник Гаррет - эрте кийлигишүү боюнча адис. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгы жөнүндө маек куруп берди.
Вероник Гаррет өзгөчө муктаждыгы бар адамдар жөнүндө гана сүйлөшпөстөн, экинчи тараптагы теманы ачып берди. Биздин окучууларыбызга интерактивдүү оюндар аркылуу ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар эмнелерди сезишет жана коомдо алар үчүн кээде кандай кыйынчылыктарга туш болушат.
Өз кезегинде окучууларыбыз мектеп жөнүндө, катышкан социалдык долбоорлор, н миссиябыз жана философиябыз жөнүндө айтып беришти.
Вероник биздин балдардын ойлорун ачык жана эркин билдиргендерин баалап, жана жигердүүлүгүн жана кайдыгер эместигин өзгөчө белгидеди. Ошондой эле окучууларыбыздын англис тилин билүү деңгээлин өздөштүрүп алышканына абдан суктанды.
Биздин окучууларр жөнүндө бийик деңгээлде угуу абдан жагымдуу.