Даун синдрому бар адамдардын эл аралык күнү

«Илим» комплексибиз Даун синдромуна кабылган адамдардын күнүнө арналган #lotsofsocks флешмобуна кошулду.

21-март - Бүткүл дүйнөлүк Даун синдрому бар адамдардын күнү. Бул күн - үчүнчү айдын жыйырма биринчи күнү - Даун синдромун пайда кылган 21-хромосоманын трисомиясынын өзгөчөлүгүн белгилөө үчүн тандалган (эки нусканын ордуна үчөө).

Бул күнү дүйнө жүзү боюнча бул синдром жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келинет.

Биз окучууларыбыз менен биргеликте #LotsofSocks эл аралык кампаниясына кошулуп жатабыз.

Флешмобдун катышучуусу болуу үчүн, 20-марттан 27-мартка чейин, социалдык тармактарга #LotsofSocks хэштеги менен кооз жана жарык түстөгү байпактардын ар башка түгөйүн кийип алган сүрөтүн жайгаштыруу керек.

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 18:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)