Нооруз майрамыңыздар менен!

Жалпы журтубузду Нооруз майрамы менен куттуктайбыз! Сиздерди эң кооз, бир жылды тең салмакка келтирген, жаркын үмүт жана жакшы маанай тартуулаган жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Биз сиздердин үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакубат жашоо жана чың ден-соолук каалайбыз!

«Илим» ББК


Нооруз майрамынын тарыхына көңүл бурсак, 21-мартта күн менен түндүн теңдиги экенин билсек болот. Дал ушул күнү күн менен түн теңделип жаңы жылдын башталышын белгиси болуп эсептелинет.

Салт боюнча Нооруздун таңы үйлөмө аспап кернейдин үнү менен башталып, улуттук тамак аштар ак дасторкондорго жайнатып коюлат. Ал эми бул майрамдык салтанаттуу тамактардын арасында, ар бир дасторкондун төрүн ээлеп, эң негизги каарманы болуп турган бул албетте сүмөлөк.

Сүмөлөк - буудайдын атайын алдын ала өндүртүп, дан эгиндерин майдалап алгандан кийин башка азыктар менен чогуу чоң казанга 20 сааттан ашык кайнатылат. Дагы бир кызыктуу көрүнүш - сүмөлөк кайнатылып баштаган кезде казандын түбүнө тартылып, күйүп кетпеши үчүн казанга майда таштар салынат. Ал эми сүмөлөк бышканда, сиздин чыныңызга ошо таштардын бири түшүп калса, анда сиз тилеп жүргөн ой-максаттарыңыз сөзсүз орундалат деген ишеним бар. Сүмөлөктүн даярдалышы бир топ убакытты жана зор эмгекти талап кылат, ошондуктан аялдар убакытты, тамак-аш бышырууну жакшы энергия менен толтуруу үчүн, бүткүл процессти жакшы тилектер, ырлар, бийлер жана шайыр, күлкүлүү хорлор менен коштоп турушат. Ошондой эле бул майрам улуттук оюндар жана бийлер менен коштолот.

Дагы бир жакшы жөрөлгө - Ноорузда кар түшсө, анда бул жыл элибизге ийгиликтүү болорунан кабар берет деп.

Нооруздун майрамына караган түнү ар идиштерге булактын суусу, сүт жана дан эгиндери куюлуп, кийинки жылы жаан-чачын көп болуп, түшүм мол болсун деген тилектер айтылат.

Үйүңүздү ирээтке келтирип, карыздардан кутулуп, бир кезде таарынткан адамдарыңыз болсо, анда алардан кечирим сурап койсоңуз жыл бою сизди жашооңузду жакшылыктар гана коштоп жүрөрү талашсыз деп айтылат.

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)