Компьютердик оюндары аркылуу балдарга билим бере алабызбы?

Гаджеттердин артыкчыктарын жана жаңы технологиялардын жашообузда терс таасирлеринин эң көйгөйлүү жагдайы, бул виртуалдык жашоо менен айлана чөйрө менен байланыштын үзүлүшүн ата-энелер үчүн айырмалап туруш абдан кыйынга туруп жатат.

Ошол эле учурда, заманбап жашообузга технологиялык жетишкендиктер менен катар балдарыбызга виртуалдык камалуу терс таасирлерин тийгизип жатат деп кескин чечим чыгарып коюш оңойго турат. Бирок, гаджеттерсиз азыркы жашообузду элестетүү кыйын жана балдарыбыз мындан ары да күнүмдүк жашоосунда колдонушат.

Гаджеттердин терс таасиринен балдарды кантип коргойбуз деген гана ой болбостон, албетте бул маселе да абдан көйгөйлүү жана маанилүү, бирок ошол эле учурда балдарга кантип туура жана пайдалуу колдонуу керектигин үйрөтүү бүгүнкү күндүн негизги заарылчылыгы. Айлана чөйрө менен менен кантип өз ара байланышта болуу керектигин жана ошол эле кезде жаңы технологиялардын пайдалуу жактарын өзүнө алганды үйрөтүү.

«Тыюу салуу» жолун гана тандабастан «Жакшы максатта жана пайдалуу жактарын ал» деген жагына көңүл бурсак жакшы болмок. Мисалы: Minecraftт деген оюнда миңдеген өспүрүм балдар кызыгуу менен күнүнө бир нече саат отурушса, ошол оюнду сабактар менен бириктирсек кандай болор эле?

Minecraftт оюну негизи балдардын кенең ой жүгүртүсүнө, фантазияларына күчтүү талаа жана мүмкүнчүлүктөрдү дээрлик чектебейт. Бул оюнда турак жай куруу, кең байлыктарды казып алуу иштерди аткаруу, тапшырмаларды түзүү жана аяктоо, биригип катышуу иш аракеттери же жөн эле дүйнө жүзүн кыдыруу. Бул оюн аркылуу көбүрөөк эркиндик, көп идеялар чыгып турат жана ал жагдайды кантип колдонсо болот экенин көрсөтүлүп турганы жакшы жагдайдын бири.

Мисалы мектеп окуучулары чөгүп кеткен кемелер жөнүндө изилдөө, дилбаян жазуу, үч өлчөмдүү координаттар тутумун изилдөө, атомдордун жана молекулалардын моделдерин түзүү, альтернативдүү энергия булактары менен таанышуу. Оюндун тартиптери ийкемдүүлүгүнө байланыштуу ар кандай сабактарга оңой колдонгонго жарайт.

Minecraft менен математиканы окутуу негизинен логикалык жана мейкиндиктик ой жүгүртүүсүн түптөйт - балдар негизги нерселерди жөн гана өздөштүрбөстөн ошол эле учурда алган билимдерин иш жүзүндө колдонууну үйрөнүшөт. Демек, бүгүн балдардын сүйүктүү оюндарынан чыкпай туруп, пайдалуу жагын колдонуп терең билим алса да болот.

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)