Кыргызстандын ишкерлеринин социалдык келишими
17 сентябрда «Билим берүү мекемелеринин бирлиги» Ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоосуна катышкан саясий партиялар менен Кыргызстандын ишкерлеринин Коомдук келишимине кол койду. Кыргызстандагы 46 бизнес ассоциациялар жана альянстар өлкөдөгү бизнес-климатты жакшыртуу жана жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн ресурстарды тартууга аракет кылып жатышат.
Бул иш чарага Ассоциациянын негиздөөчүсү жана ОК «Илимдин» директору Гүлжамал Есеналиева жана аткаруучу директор Назгүл Атабаева катышып келишти.
Бизнес ассоциациялардын өкүлдөрүнүн демилгеси менен даярдалган документке КР ЖК шайлоого катышкан 11 саясий партия колдоо көрсөтүп, кол коюшту. Келишим саясий партиялардын жарандык жана ишкер чөйрөнүн алдындагы милдеттенмелерине байланыштуу.
Бул документте Кыргызстандын ишкерлери өздөрүнүн бизнес-ассоциациялары аркылуу саясий партияларга кайрылып, аларды өз күчүн өлкөнү туруктуу экономикалык өсүшкө жана социалдык өнүгүүгө алып келе турган иш-аракеттерге багыттоого үндөшөт. Кыргызстандын экономикасын көтөрүү, калктын жашоо сапатын жогорулатуу, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу боюнча эң курч жана оор маселелер документтин тогуз пунктунда чагылдырылды.