«Боорукердиктин килограммы» кайрымдуулук акциясы
Боорукердик, кайрымдуу болуу, керек учурда муктаж болгондорго жардам берүү жана жакшылык кылууну биз балдарга өзүбүздүн жеке мисалыбыз менен гана үйрөтө алабыз. Жакшы гана үлгүлөрдү көрсөтүп балдарды тарбиялоону Илимде комплексинде бул кадыресе көрүнүш.
Бүгүн дагы биз, бир жакшы жаңылыгыбыз менен бөлүшкүбүз келди. Илим мектебинин Окуучулар Парламентинин кезектеги отурумунда кайрымдуулук акциясын уюштуруу чечими кабыл алынган болчу. Бул кайрымдуулук акциясын «Боорукердиктин бир килограммы» аташты.
Ушул акциянын алкагындагы шарты боюнча биздин ар бир окуучубуз өз калоосу менен бир килограммдан турган тамак азыгын алып келип катышышты. Шекер, ун, күрүч, гречка, макарон ж.б. ушул сыяктуу тамак азыгын алып келишип, өздөрүн кайрымдуу инсандык парздарын аткара алышты!
Жыйынтыгында, кайрымдуулук акция менен чогултулган азыктарды биз «Саша» жана «Үмүт-Надежда» балдар үйлөрүнө тапшырып бердик.
Биздин Илим мектебинин ушул сыяктуу кайрымдуу, борукерлик иш-чараларга балдардын баардыгы абдан берилүү менен жардам беришкиси келгендиги бизди кубандырды.