КР Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктары
Бизде сонун, сыймыктуу жаңылыгыбыз бар! Жакында эле биздин мугалимдерибиз
- Исаков Каныбек Ырысбаевич,
- Алла Рашидовна Расулбаева,
- Саркулова Эльмира Асанбаевна
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин тарабынан Ардак грамоталары менен салтанаттуу түрдө сыйланышты. Жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин тарабынан бир катар мугалимдерибиз
- Мехтиева Лияне Хумбатовна,
- Сулейманова Гульмира Махмутовна
«Билим берүүнүн отличниги» наамы менен сыйланышты. Билим берүү жана Илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө зор салым кошкон инсандарга тапшырылат. Бул тарбиячыларды баалоонун, таануунун жана сыйлоонун сыймыктуу иш аракети!
Биз өз мугалимдерибиз менен сыймыктанабыз!