Анталиядагы эл аралык олимпиада

Түркия мамлекетинде өткөн Эл аралык билим олимпиадасында 1000ге жакын катышуучунун арасынан Илим мектебинин окуучулары эң мыкты командалардын бири деген наамга ээ болуп кайтышты.

Ушул жылдын 31-октябрынан 7-ноябрына чейин Түркиянын Анталия шаарында Эл аралык билим олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага Россия, Украина, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Пакистан жана Түркиядан 1000ге жакын адам катышты.

Олимпиадага Бишкек шаарындагы Илим мектебинин 4-9-класстарынын 11 окуучусу катышты. Балдар биздин өлкөбүздүн жана мектептин атынан ийгиликтүү катышып, математика, орус жана англис тилдери, химия, физика, сүрөт искусствосу боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушуп, дипломдор менен кайтышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча «Илим» билим берүү комплекси: Бир биринчи орун, эки экинчи, тогуз үчүнчү орун жана беш акчалай сыйлыкка ээ болду. Жети күн бою окуучулар олимпиаданын предметтери боюнча гана катышпастан, бардык сынактарга, спорттук иш-чараларга катышты. Ошондой эле волейбол боюнча мелдеште «Илим» мектебинин командасы 2-орунду ээледи. Мыкты командалык бий боюнча «Минута славы» сынагында 1-орун. Жыйынтыгында «Илим» билим берүү комплексини эң мыкты олимпиадалык команда наамын алды.

  1. Квитко Эрнест орус тили - 3-орун, физика – 3-орун, математика – 3-орун, англис тили – байгелүү орундар!
  2. Нурланбек уулу Ырысбай орус тили - 3-орун!
  3. Козубаев Нурсултан орус тили - 3-орун, англис тили - байгелүү орун!
  4. Барчакеев Тимур математика – 1-орун, англис тили – 3-орун, «Мистер Шарм» номинациясы боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү
  5. Биримкулов Тагир математика - 2-орун, англис тили - 3-орун!
  6. Шаршенбаев Султанбек математика - 3-орун!
  7. Муктарова Айлин ИЗО - 2-орун!
  8. Муктаров Арсен химия - байгелүү орун, англис тили - 3-орун!
  9. Момонов Марлен орус тили - байгелүү орун!
  10. Филин Матвей англис тили – сыйлыктуу орун!
  11. Конурбаева Айганыш ИЗО - байгелүү орун!

image 01
image 02
image 03
image 04
image 05

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)