Математикалык олимпиада (AMC)
Биздин окуучулар Америка Математика Ассоциациясы (МАА) тарабынан жыл сайын АКШда өткөрүлүүчү 9-11-класстын окуучулары үчүн математикалык олимпиадага катышышты!
Биздин окуучулар мектеп ичинде да, эл аралык стандарттар боюнча да жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алышты!
2019-жылдан тарта кыргызстандык окуучулар Американын математикалык олимпиадаларына катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. AMC 10/12 25 көп тандоо суроолорунан турган 75 мүнөттүк математикалык тест. Тапшырмалар жалпы билим берүү программаларынын негизинде эң мыкты университеттердин профессорлору, өткөн жылдардагы эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана АКШ командасынын машыктыруучуларынан турган калыстар тобунун компетенттүү мүчөлөрү тарабынан түзүлөт. Жыл сайын бул олимпиадага 300 миңден ашык окуучу катышат.