9-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземи
Класстык кураторлор балдар менен бирге бул салтанатту майрамга абдан чыгармачыл мамиле менен даярдык көрүштү. Бүтүрүү кечеси дүйнөлүк деңгээлдеги кино күйөрмандардын сүймөнчүгүнө татыган "Гарри Поттер" аттуу кинонун стилинде уюштурулуп, сөз менен айтып берилгис сыйкырдуу, жылуу маанайда өттү.
Биз ар дайым окуучуларыбызга талыкпай аракет кылуу, чоң үмүттөрдү жана алдыдагы турмуш жолдорунда жеңиштерге жетишип жүрүүлөрүн каалайбыз!