2018 жыл ичинде «Илим» ББКсынын инфратүзүмүн, билим берүү кызматтарынын сапаттарын жакшыртуу жана кардарды канааттандыруу деңгээлин жогорулатуу максатында төмөнкүлөр жасалды:
A. Жабдыктар сатып алынды:
B. Курулуп бүттү:
C. Территорияны жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү (ак кайыңдарды, каштан талдарын жана мажүрүм талдарын отургуздук);
D. Уюштуруучулар тарабынан башталгыч мектептин ойноо аянтчасын куруу боюнча долбоор иштелип чыгып, бекитилди. Апрелден баштап спорт жана ойноо жабдыктарын куруу жана сатып алуу боюнча иштер башталат.
Мугалимдер жамааты билим берүүдө жаңы инновациялык программаларды колдонуу боюнча бир орунда турушкан жок. Буга эң мыкты күбө- сабактардан чыккан окуучулардын бактылуу жүздөрү. Бул жерде балдар предметтерди гана окуп калбастан, кадам сайын өз күчтөрүнө, өзүнө ишеним кайтаруу менен эски жабыштырылган ойлордон арылышат. Ушул максатка жетүү үчүн күнү-түнү иштөө зарылдыгы бар болчу.
Тажрыйба топтолуп, материалдар такталып, түзөтүлдү. Чечимдерди издөөгө, кабыл алууга туура келип жатты. Өкүнүчтүү жанылыштыктарды, каталарды кетирдик, бирок ар бир жаңылыштыктан баалуу тажрыйба алынып, техникалык иштелмелердин саясий уюштуруу түрү катары жазылып жатты (мекеме кызматчыларынын өз ара мамиле эрежелери). Мисалы, окуучулардын жаңы гана биринчи жыйынтыктарга жеткен мезгилде окуусун улантпай таштап кетип калуу себебин аныктадык, чет элдик окуучулар менен иштөө усулдары жана коррекциялык билим берүү системасы иштелип чыкты.
Баланын окуу жана түшүнүү жөндөмүн калыбына келтирүүгө боло тургандыгы белгилүү болду. Бул максатта 1998-жылдын 1-июнунда «Илим» Билим берүү комплексинин структуралык бөлүгү катары жекече билим берүү Борбору уюштурулду (ЖБББ). Борбор алгач «үй шартында билим берүү Борбору» деп аталган. Ал билим алууга физикалык жактан жетишпеген балдарды окутууга багытталып ачылган. 1999 жылы бул Борбор «Жекече билим берүү Борбору» деп аталып (ЖБББ), жалгыз эле коррекциялоо программасы менен окутууну талап кылган балдар эмес, башка өзүнө жогору көңүл бурдурган, өзгөчө аң-сезимдүү жана чет өлкөлүк балдар да окутула баштаган.
+996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы
+996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү
+996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы
8:00 - 17:00 чейин
(дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)