Материалдык эмес маданий мурастарды формалдуу билим берүү катары киргизүү
2019-жылы ЮНЕСКОнун улуттар аралык маданий пикир алмашуу үчүн билим берүүдөгү маалыматтык технологияларды колдонуу менен материалдык эмес мурастар боюнча долбоору ишке киргизилген. Бул долбоорго Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун САС мектептери, анын ичинде "Илим" ОКтун мугалимдери активдүү катышты. Долбоор эки жылга созулган.
Долбоорго катышкан мугалимдердин, анын ичинде Кыргызстандын проектке катышкандардын биргелешкен ишинин натыйжасында материалдык эмес маданий мурастарды формалдуу билим берүүгө ишке киргизуу боюнча даяр сабактар менен окуу куралдары (кагаз жана электрондук форматта бир нече тилде )жеткиликтүү иштелип чыккан.
Бул долбоор Азия-Тынч океан аймагындагы 6 өлкөнү камтыды: Камбоджа, Казакстан, Кыргызстан, Непал, Корея Республикасы жана Таиланд. ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы SAS мектептеринин, анын ичинде "Илим" ОКтун катышуусу бул долбоордун алкагында билим жана маданий өзгөчөлүктөрдү алмашууга чоң салым кошту.
+996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы
+996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү
+996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы
8:00 - 17:00 чейин
(дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)