Баа-сындар

«Илим» - кичинекей билимдүү интеллектуалдуу Кыргызстандын модели. Силер достук, келишүү жана тынчтык жолу менен эң жогорку баскычка жеттиңер. Балдар үйүнүн жеткинчектеринин дилинде арнап берген жүрөгүңөрдүн жылуулугу ар дайым кала берет. Силер көрсөткөн үлгү башкалардын мыкты болушуна стимул жана түрткү берет деп ишенебиз.
«Мээрим Булагы» Балдар үйү башкармалыгынын төрайымы Дегенбаева Г.О.
«Илим» мектеби жөнүндө көп уккам. Ушул жакта иштегим келгендигин жашырбайм. Азыр сыймыктануу жана кубануу менен: «Мен эң мыкты мектепте иштейм! »- деп айта алам. Бул жерде чыгармачылыктын өнүгүшүнө жардам берилет, биздин чоң ата, чоң энелерибиздин турмуштук баалуулуктары сакталып калган жер.
Бейшеева Б. (мектеп психологу)
20 жыл мектеп үчүн аз убакыт эмес! Бул стабилдүүлүк жана силер аркылуу турмушка ашырылган долбоорлор. Мектептин ишмердүүлүгү эң бийик баага татыйт. Мындан ары да так ушундай, мындан да мыкты боло берсин. Сиздерге өркүндөө, шериктештик байланыштардын кеңейишин, зээндүү, шыктуу окуучуларды жана түгөнбөс энергия каалайм.
Д.Кендирбаева КРнын билим жана илим министринин орун басары
«Илим» ББКсы биздин Республикадагы эң мыкты билим берүүчү мекемелердин бири болуп саналат. Бул жылдар ичинде билим берүү комплекси биздин борбордун гана эле эмес, бүт өлкөнүн масштабында жогору көтөрүлдү.
И.Арабаева атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору- биринчи проректор Т.А.Конурбаев
Биз «Илимди» динамикалуу өнүгүп туруучу, заманбап, келечекке умтулган билим берүү комплекси катары билебиз. Бул силердин таланттуу жана педагогикалык жумушка ишенимдүү мамиле кылган мугалимдер аркылуу жетишилди. Силердин мектебиңерди Кыргызстандагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү тармагындагы лидерлердин бири деп эсептейбиз.
«Эврика» ББК-гимназиясынын түзүүчүсү Г.В.Кочеткова
«Нурмээайса» убактылуу балдар турак Борборунун балдары жана жамааты сиздерге, «Илим» ББКсынын балдарына жана ата-энелерине, биздин балдарга көңүл бургандыгыңар, камкордугуңар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Биз Сиздердин жүзүңүздөр аркылуу досторду тапканыбызга абдан кубанычтуубуз.
«Нурмээайса» УБТБ нун мүдүрү Г.С.Кирибаева

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)