Баа-сындар

Педагогдорго жаңы чыгармачылык аткаруулар, адистик жеңиштер, окуучуларга- окуусуна чоң ийгиликтерди, үлгүлүү жүрүш-туруш, бүтүрүүчүлөргө- мектеп ишине активдүү катышууну чын жүрөктөн каалайбыз. Баарыңарга- чың ден соолук, сак-саламаттык, кубаныч жана оптимизм.
«Умут – Надежда» БРБнун мүдүрү Шелике Карла - Мария
«Илим» мага жагат, анткени, бул жерде абдан жакшы мугалимдер жана эң жакшы мүдүр бар. Биздин класс абдан жайлуу, биз тез-тез жүрүштөргө барып турабыз. Мен бешке окуганга аракет кылам. Ошондуктан, мен бул мектепте окуйм!
Ким Каролина 4 «А» класстын окучусу
Биздин кызыбыз «Илимге» башка бир нече жеке мектептерде окуп, анан келди. «Илим» биздин үй-бүлөбүздүн баарына жакты. Мектепте алып жаткан билимдери ошончолук сапаттуу жана ар түрдүү болгондуктан, балдарыбызга эч кандай репетитор, ийримдердин кереги жок- керектүү нерселердин баары мектепте бар.
Пичуревичтин үй-бүлөсү (4 «А» класстын окуучусу)
Менин балдарымдын дал ушул балдар жамаатында тарбияланып жаткандыгына абдан кубанычтамын. Биз окутуучулардын составына терең ишенебиз. Балдарыбыздын өсүп-өнүгүшү көрүнүп турат.
Болотбековдордун үй-бүлөсү
Бул жерде ак ниеттүү, эмгекчил, жардамын аябаган жана түшүнүктүү адамдар иштейт. Биздин балдар бакчада ата-энесиз калса да, ишеничтүү адамдардын кол алдында, биз, ата-энелер, алар жөнүндө кам санабайбыз. Балдар ар тараптан квалификацияланган жардамдарды алып турушат (логопед, психолог, тарбиячылар, медкызматкерлер, ашпозчулар ж.б).
Жумалиевдердин үй-бүлөсү
«Илим» ББКсы- биз сага өзүбүздө болгон эң баалуулукту ишенип тапшырабыз! Алдыга гана жүрүшүңдү, биздин бабалардын татыктуу муундарын тарбиялашыңды каалайбыз. Буга чейин даярдагандай!
Касымбеков Айдардын ата-энеси

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)