Жекече билим берүү борбору

Жекече билим берүүнүн кандай артыкчылыктары бар?

  • окутуу программасынын мазмунун толугу менен окуучуга ылайыкташтырууга мүмкүн,
  • баланын өзгөчөлүгүнө карата окутуунун усулдарын жана тездигин ылайыкташтыруу,
  • окуучунун ар бир кыймыл-аракетинде конкреттүү милдеттерди чечүүгө карата туура багыттоо,
  • окуучунун билимсиздиктен билимдүүлүккө өсүшүн байкоо,
  • окуучунун жана мугалимдин иш-аракетине өз убагында түзөтүү киргизүү.
Мунун баары окуучунун ар дайым үнөмдүү пайдалуу иштешин, өз күчүн убагында текшерип туруусун, жогорку денгээлде окууга жетишүүсүн камсыз кылат.

Жекече билим берүүнүн кандай максаттары бар?

  • баланын жекече өзгөчөлүгүн, анын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн (жөндөмдөрүн) сактоого жана өнүктүрүүгө шарт түзөт;
  • окуучунун окутуу программаларын өздөштүрүүсүнө жекече мамиле түзүү менен жетишүү;
  • жетишпеген окуучуну алдын алуу аракети;
  • жалпы билимдик билгичтик, көндүмдөрдү калыптандыруу;
  • окууга карата мамилени жакшыртуу жана маалымат арттыруучу кызыкчылыктарды өстүрүү;
  • инсандык сапаттарды калыптандыруу: өз алдынчалык, эмгекти сүйүү, чыгармачылык.

Сунушталган билим берүүчүлүк программалары:

  • Лингвистикалык курстар;
  • Предметтик түзөтүү программасы – билимдеги жетишпегендиктерди кыска убакыттын ичинде жоюу;
  • Мектепке даярдык;
  • Алдында болуу программасы;
  • Экстернат.
Мындай мамиленин негизинде окуучу болуп жаткан кыйынчылыктарга карабай ийгиликтүү боло алат. Окуучунун инсандык өзүн-өзү баалоосун жогорулатуу аркылуу ЖБББнун мугалимдери баланын маалымат таануу процессин, окуу материалдарын жакшы эстеп калуу жана өздөштүрүүсүнө жетише алышат, бала жеңил өздөштүрө баштайт!

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)