Спорттук секциялар

Спорттук секциялар:

  • КЭМПО
  • ДЗЮДО
  • УШУ
  • Бала бакчадагы кыздар үчүн гимнастика

Жекеме-жеке согуштуруу сабактары жөнүндө ата-энелер эмне билиши керек?

Жекеме-жеке согуштуруу сабактары - бул каршылаш адамын колдору менен күч колдонуп жеңүү эмес. Негизги максаты- жан дүйнөсүнүн жана физикалык гармониялык саламаттыгынын өсүшү. Сиздердин балдарыңыздарды жашоодогу керектүү билимдер менен билгичтиктер, өзүнө ишенүү жана татыктуу сезимдер менен жабдуу. Бул көндүмдөр ийгиликтүү адамдар үчүн эң керектүү нерсе.

Сиздердин баллдарыңыздардан профессионалдык спортсмен чыгабы, ар биринин ө зүнүн, максаттуу аракетинен, керектүү убакта күч жагынан эмес психология жагынан туруштук бере алышына карата болот. Зыяндуу адаттардан алыс, спорттук жашоо мүнөзүн тандап алуусун камсыздайт. Күчтүү дене түзүмү менен таза жан дүйнөгө ээ болуусуна шарт түзөт!

Уюштуруу сурап билүү:

  • Сабактар 4 жаштан 12 жашка чейинки балдар менен жүргүзүлөт.
  • Машыктыруу процессине дене тарбия көнүгүүлөрү, кыймыл-аракетти өнүктүрүүчү оюндар, ийкемдүүлүккө, эпчилдикке, күрөштүн түрдүү стилдерине карата элементтер кирет.
  • Сабактарга атайын тигилген форма менен камсыз болушу зарыл.

Спорттук секциялардагы сабактар балдарга эмне берет:

Физикалык көндүмдөр - машыгуулар учурунда баланын дене мүчөсү толук кандуу өсөт, ден соолугу жакшырат, тарамыштары жана булчуңдары чыңдалат, ийкемдүүлүк, эпчилдик, туруштук берүү өсөт, жүрөгүн машыктырат, шайкештик, элестетүү, аң-сезимдүүлүгү жогорулайт, балдар мейкиндик жана мезгил ченеминде туура багытта болууну, өнөктөшү менен иштешүүнү үйрөнүшөт;

Өзүн-өзү тартипке чакыруу - окутуу процесси баланын көңүл буруусун, керектүү тапшырмага ыклас коюп, аягына чейин жеткирүүгө үйрөтөт;

Өзүнө-өзү ишенүү - денесинин алсыз жагын, коркунучтарын жеңүү, балдар өз күчүнө ишенип баштайт, бул ишеним башка бирөөгө үстөмдүк кылбай туруп, чечилбеген кырдаалдарды тынчтык жолу, билгичтик менен чечүүнү үйрөнүшөт;

Сыйлоо - согуштуруу искусствосу өз атандаштарын, машыктыруучуну, чөйрөсүндөгү адамдарды жана эн негизгиси өзүн-өзү сыйлоо принциптеринин негизинде түзүлгөн;

Энергетикалык баланс - машыктырууларда балдар ашыкча энергияларын чыгарып, багыттуу колдонушат, комплекстеринен, агрессия, баш ийбөөчүлүктөн арылышат, өз согуштук билимдерин туура гана колдонууну өздөштүрүшөт.

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)