Логопед

Бала калыптанган сүйлөө речи менен төрөлбөйт. Ал акырындык менен, кадамдан кадамга үндөрдү туура жана так айтууга, сөздөрдү бири-бири менен байланыштырууга, сүйлөм түзүүгө, өз оюн ырааттуу түрдө берүүгө үйрөнөт. Бирок, тилекке каршы, кээде сүйлөө өнүгүшү жалпы өсүүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу кечигүүгө дуушар болот. Бул учурда логопед жардамга келет.

Логопед деген ким?

Логопед - балдардын жана чоңдордун сүйлөө речинин бузулушун калыбына келтирүүчү, коррекциялоочу педагог. Логопед тыбыштарды ордуна «коюучу» гана эмес. Логопеддин жумушу балдардын көңүл буруу, көрүү, угуу сезимдеринин (таануу, айырмалоо), эс тутум, ой жүгүртүү, жалпы жана майда моториканын өүнүгүшү менен башталат. Толук кандуу билим процессин бул иштерсиз ордуна коюу кыйын. Логопед балдардын сөздүк жыйымын толтуруу жана кеңейтүү, сөз байланышын өстүрүү, сабаттулукка окутуу, грамматикалык каталарын оңдоо менен аркеттенет. Оозеки жана жазуу иштерин түзөтүү усулунан тышкары логопед угуу жана сүйлөө органдарынын невропатология, психопатология, патология негиздери менен да тааныш болот.

Логопедге качан кайрылса болот:

  • сүйлөө речинин кеч өсүшү;
  • сүйлөө речин түшүнүүсү бузулганда;
  • тыбыштарды туура эмес айтууда;
  • кекечтенгенде.

Логопедге кандай суроолор менен кайрылса болот:

  • баланы тыбыштарды туура айтууга үйрөтүү үчүн;
  • аңгеме түзүү, айтып берүү жөндөмүн пайда кылуу;
  • сабаттуулукка, окууга, жазууга үйрөтүүгө;
  • окуу, жазуудагы (дислексия, дисграфия) көйгөйлөрдү чечүү үчүн;
  • сөздүн муундук түзүлүшүн калыптандырууда;
  • тилдин байламын ооруксунтпай созууда (ооздук), бул Л жана Р тыбыштарын туура айтууда чоң тоскоолдук жаратат;
  • логопедикалык массаж.
Азыркы учурда ата-энелер өз баласын, ал кээ бир тыбыштарды кыйынчылык менен айтуусуна карабастан спорт, музыка, чет тилдери менен максималдуу алектендирүүгө аракеттенишет. Көпчүлүгү убакыттын өтүшү менен бул нерсе өтүп кетет деп жаңылыш ойлонушат. Логопеддин көзөмөүлүнө кайрылууну эрте баштоо зарыл, анткени мындай бузулууларды жашы жогорулаган сайын оңдоо кыйынчылыкты жаратат.

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)