Живопись

Түрдүү боёктор менен сүрөт тартуу – бул көпчүлүк балдардын чыгармачылык иштеринин сүйүктүү бир түрү. Жана ал тан каларлык деле нерсе эмес - боёктор абдан жакшы көрүнөт, аларды кагаз бетине түшүрүү үчүн кыл калемдин кереги жок, анын ордуна поролондон жасалган кездемени, пахта оролгон жыгачтарды, же өз манжаларын да колдонсо болот. Бактыга жараша, сүрөт тартуу - бул баланын өсүшү үчүн чыгармачылыктын кызыктуу бир түрү гана эмес керектүүсү да болуп эсептелет.

Сүрөт тартуу балдарга эмне берет?

Сүрөт тартуу процессии эс тутумду, көнүл буруну өстүрөт. Бала кандайдыр бир образдарды кагаз бетине түшүрүү менен ойлонууга, жазууга, көз алдына элестетүүгө үйрөнөт. Анткени, сүрөт үстүндө иштөө учурунда балдар ар дайым өз ички дүйнөсүн жаратышат. Картинасын тартып бүткөндүн кийин бала эмнени, эмне үчүн тартканын түшүндүрүп берет. Ошентип ан-сезим менен сүйлөөсү өсөт. Сүрөт тартуу математикалык жөндөмдөрдү дагы өстүрөт, себеби бала сүрөт тартып жатып анализдөөнү, салыштырууну, аралыкты, чондукту баалоого үйрөнөт. Ал эми сүрөт тартуу процессинде жаны, адаттан тышкаркы техникаларды колдонуу бул тизмени дагы кенейтет.

Мындан тышкары, сүрөт тартуу баланын майда моторикасын дагы жакшылап өстүрөт. Анын манжалары көптөгөн кыймыл-аракеттерди жасоого көнүгөт: кыл калемди кармоо, аны боёкторго сүйкөө, сууга чайкоо. Бала басым жасоону, амплитуда кылууну текшерүүгө үйрөнөт. Өнүккөн майда моторика - бул өнүккөн ан-сезим. Эн кичинекей кезинен сүрөт тартууну жана жасалмаларды үйрөткөн ата-энелердин балдары мектеп жүктөмдөрүнө оной көнүшөт, мыкты жазып, эстеп кала алышат жана өнүккөн сүйлөө кебине ээ болушат.

Сүрөт тартуу үчүн балага керектүү нерселер:

  • ар кандай өлчөмдөгү жана жетиштүү калындыктагы кагаз;
  • боёктор;
  • кыл калемдер;
  • суу үчүн атайын пластик идиш;
  • палитра;
  • сүрөттөгү кеткен каталыктарды тез алып салуу үчүн салфеткалар.

Сабактар 5 жаштан 12 жашка чейинки балдар менен жүргүзүлөт

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)