Мектептин тарыхы

Баары эмнеден башталган…

«Илим» бат эле азыркыдай калыбына келген эмес! «Илим» ББКсынын тарыхы 1993 жылдын 6 апрелинен Бишкек шаарында башталган. «Илим» биринчилерден болуп мамлекеттик эмес билим берүүчү мекемелердин катарында бала бакча, 1 ден 11 класстарга чейин ичине камтып түзүлгөн мектеп. Биздин өзүбүздүн гимн, логотип жана желегибиз бар.
«Илим» ББксынын түзүүчүсү жана уюштуруучулары

Ибрагимова Гайша Джусупбековна,

Есеналиева Гульджамал Джусупбековна

болуп саналат.

Эскерте кетсек, бул айымдар буга чейин ар түрдүү иштер менен алек болуп келишкен: Гульджамал Джусупбековна билими боюнча экономист, Гайша Джусупбековна – тарыхчы жана археологчу, тарых сабагынан мугалим, окуу иштери боюнча орун басар болуп иштеген.

Мектепти түзүү идеясы биздин эл кыйынчылыкка дуушар болуп, эски баалуулуктар жоголуп, жаңылары пайда боло элек мезгилде келген. Ушул убакта жаңы мектепти уюштуруу, анда ар бир Ийгиликтүү окуучуну көрүү кыялы пайда болгон. Анын ийгилиги Тырышчаактыгында, ата-эненин Сүйүүсү менен камсыздалган жана мугалимдин Ишеничи менен өстүрүлгөн.

1993 жылы жакын пикирлештерин чогултуп, окуучулар үчүн № 62 орто мектептин имаратын, бала бакчага № 177 б/бакчанын корпусун ижарага алып, «Илим» ББксы өз жумушун баштайт. Башкаруу милдеттери өз ара бөлүштүрүлөт. Бала бакчаны Есеналиева Г.Д., мектеп процессин Ибрагимова Г.Д. алышат, бирок билим берүү жана тарбиялык иштердин бүтүндүгү, балдардын бала бакчадан мектепке ооруксунтпай өткөрүү жолдорун табуу экөөнү тынчсыздандырат. Ошентип, 1995-жылдын июнь айында «Физприборлор» заводуна караштуу мурунку № 80 бала бакчасын менчиктештирүү укугуна ээ болуу иш-кагаздарын алышат.

1991 жылы Советтер Союзу (СССР) кулагандан кийин социалдык секторду камсыздандыруу токтотулган. Элге эмгек акылары берилбей калган, ошондуктан № 80 бала бакчанын жетекчилери да бир корпусун жабууга аргасыз болушкан: жылуулук, электр энергиясы, суу берүү токтотулуп, ремонт иштери да жүргүзүлбөй токтоп турган. Имарат жана территориясы ыйлагыдай абалда болгон: чириген тактайлары, чатырчасынан суу аккан жана тиешелүү эмеректери да жок болчу.

Ушул себептен «Илим» ББКсы алгачкы жылдары бүт тапкан акчаларын имаратты жана территорияны оңдоого гана жумшап турган. Абдан кыйын, оор абалдар болгон. Бирок ар дайым алдыга умтулган адам гана жеңет. Бүгүн биз сыймыктануу менен биздин Комплекстин жетишкендиктерин көрсөтө алабыз.

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)