Тынчтык күнү
21 сентябрь Тынчтык күнү – бул глобалдык биримдиктин, улуттар арасындагы кызматаштыктын, миллиондогон адамдардын олуттуу согушту жана зордук- зомбулукту токтотуунун аракеттерин бириктируунун куну.
Биздин комплекс, ЮНЕСКОнун сертификатына ээ болгон мектептерден. Ал маданияттын ар турдүүлүгү жана илимий кызматташтык боюнча болобу, адам укугун баалоо, улуттар аралык баарлашуу, өз пикирин эркин айтуу жана билим берүүнүн негизинде кандай гана жагдайды түзүү үчүн ишмердүүлүк болбосун бизге колдоо көрсөтүп келет.
Бугун биздин билим берүү комплексинде бардык балдар жана мугалимдердин катыщуусунда линейка өттү. Андан сырткары бөбөктөр жана окуучулар учун тынчтык сабактары өткөрүлдү. Ар бир адам бул кундун кандай маанилуу экендигин түшүнүүсү керек, анткени дуйнөдө тынчтык болушун биз да каалайбыз!
Комплекстин территориясында тынчтык мамысы орнотулду. А биздин жаш илимчилер кагаздан жасалган турналарды илишти. Анткени турна - бул кун канаттуусу, ден соолуктун,узак жашоонун, албетте тынчтыктын символу!
Айтмакчы, биздин илимчилер даярдаган бардык иштер ЮНЕСКО менен БУУнун сайттарында чыгат.