Мектептин тарыхы

Биздин өзгөчөлүктөрүбүз

«Илим» башка билим берүү мекемелеринен кандай айырмаланат?

Бул суроо ар дайым берилип келет!

Тегереги карагайлар, кайыңдар жана живопистүү жашыл чөптөр менен курчалган татынакай үйдүн кичинекей аралда турганын элестетип көргүлөчү. Аралдын тарыхы ар бир окуучуну Ийгиликтүүлүккө жеткирүү Кыялынан башталган!

Бүгүн «Илим» - дүйнө жүзүнөн келген окуучулардын биригүү орду. Белгилүү болгондой, эгерде бала канчалык сабактан кийин өзүн жайлуу жана ыңгайлуу сезсе, ошончолук сабакты да жакшы окуйт. Гүлдөрү менен галереялар, жумшак эмеректер, ашкана, баскетбол ойноочу аянтча жана көптөгөн башка көрүнүштөр балдарга өз үйүндөгү жылуулукту сезүүнү камсыз кылат. Жумушка карата өзгөчө мамиле, ачык айырымдуу имидж, окуу жана социалдык ишмердүүлүктү көп тараптуулугу ар бир окуучунун ийгиликтүү болуп калыптанышына шарт түзөт.

Педагогдордун окуучулар жана ата-энелер менен биримдиги, жасалмасыз балдарга сүйүүсү - «Илимдин» айырмачылык түзүүчүсү!

Эмне үчүн Сиздин балаңызга «Илимде» жакшы болорунун 13 себеби:

  • 1

    Сиздин балаңыз менен адистештирилген педагогдор жана тарбиячылардын тобу иштейт.
  • 2

    Окутуу программасында чет тилдерине, чыгармачылык менен элестетүүгө, жарандык жана инсандык позициялардын түзүлүшүнө, маалыматтар менен өз алдынча иштөөгө, өз ойлорун айтууга, интеллектуалдык потенциалын жана социалдык көндүмдөрүн максималдуу өстүрүүгө абдан чоң көңүл бурулат.
  • 3

    Сабактардын жүгүртмөлөрү ден-соолукту сактоо режимин эске алуу менен түзүлгөн: акыл жана физикалык эмгектин жүктөмүнүн алмашуусу, 30 минуттук сабактар, кыймыл-аракеттүү танапистер, окуу жылынын 5 семестрге бөлүнүшү.
  • 4

    Мектеп психологдору ар дайым татаал жашоо кырдаалдарында чечим чыгарууга жардам беришет.
  • 5

    Күндүн экинчи жарымында балаңыз үй тапшырмасын аткарып жатып, ар дайым консультация жана жардам ала алат.
  • 6

    Уюштурулган эс алуу - долбоорлор, ийримдер, элективдүү курстар, музыкалык мектеп, спорттук секциялар чыгармачылык потенциалды ачууга мүмкүндүк берет.
  • 7

    Сиздин балаңызга ар дайым Интернет, китепкана, 2 компьютердик класстардын эшиктери ачык.
  • 8

    Сиздин балаңызга ар убакта биринчи медициналык жана медикаментоздук жардам берилет. Жыл ичинде атайын адистердин жалпы медициналык кароосу жана бүт окуу жылы ичинде прфилактикалык иш-чаралары болуп турат.
  • 9

    Сиздин балаңыздын ден-соолугун спорттук майрамдар, экологиялык тренингдер, спартакиадалар, денени чыңдоо, бассейндерге баруу чыңдап турат.
  • 10

    Сиздин балаңыз улуттук тамак-аштарды жогору баалоо жана жаш өзгөчүлүктөрүн эске алуу менен даярдалган 3 жолку теңдештирилген тамак-аш менен камсыздалат.
  • 11

    Сиздин балаңызга коопсуздук гарантияланган.
  • 12

    Каалаган убакта кайрылып Сиз каалаган, кызыктырган маалыматты окуу бөлүм башчысынан, педагогдон, куратордон, психологдон, доктурдан алып алсаңыз болот.
  • 13

    Окуучулардын педагогдор менен өнөктөштүк мамилеси сынчыл аң-сезимдеги эркин инсандын калыптануу атмосферасын түзөт.

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)