Баа-сындар

Мага мектепке барган жагат, анткени бул жерде көп досторум, жакшы классташтарым бар. Кызыктуу олимпиадаларды, майрамдарды өткөрөбүз. Сабактар да абдан кызыктуу, менин сүйүктүү сабактарым математика, англис тили, орус тили, ТТОН.
Айдаров Залкар, 2 «Б» классынын окуучусу
«Илим», мен сага келдим жана сен мага абдан жагасың! Сен таптаза, кооз жана ыңгайлуусуң. Абдан жакшы билим бересиң. Сенин дагы мыкты болушунду жана сен жөнүндө көп адамдардын билишин каалайм.
Канг Гу Хюн, 10- класстын Кореядан билим алуу үчүн келген окуучусу
«Илимге» келгенде, чынын айтсам, бул жерде окуучуларга жасаган боорукер мамилени көрүп, таң калдым. «Илим» менин жашоомдогу көп нерсени өзгөрттү. Көпчүлүк мектептерде билим берүү, билим берүүдөй эле, «Илимде» окуган кызыктуу. Мен өз мектебим менен сыймыктанам.
Иманов Раим, 10 класстын окуучусу
«Илим» биздин үй-бүлөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошту, бул комплексте биздин балдарыбыз тарбияланган жана төртөө дагы тарбияланып жатышат. Балдарды толеранттуулук , биримдүүлүк, достук, сабырдуулук акыл-сезимдеринде тарбиялашат.
Казакбаевдердин үй-бүлөсү (8 «Б» класстын окуучусу)
«Илимге» майып - балдарга, алардын үй-бүлөсүнө ар дайым көрсөткөн боорукердиги жана жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул дүйнөдө кайрымдуулук, сүйүү мода болбой калды, силердин мамилеге карап, адамзат үчүн баары эле жок болгон эмес тура деп билесиң.
Нарын майыптарды бириктирүү коомунун төрайымы Асанканова Динара
Менин кызым кичине кезинен майып, баса албайт, майыптардын арабасы менен жүрөт. Мектепке берип жатып, абдан кайгыргам, бирок бекер эле кыйналыпмын, кызым эң сонун мугалимдердин жана окуучулардын жамаатына келди. Мен, дүйнө стандарттык денгээлине ылайык келген билим, билгичтик алып жаткан окуучулардын арасында болгондугубуз үчүн сыймыктанам.
Омурова Калийча (2 «А» класстын окуучусунун апасы)

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)