Баа-сындар

Урматтуу Валентина Александровна!
Мен Сизге 2013-жылдын сентябрь айынан 2015-жылдын февраль айына чейин Ёхандын 3,4 –класстардагы мугалими болгондугуңуз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Ёхан Сиздин билим берүүңүздү чын жүрөктөн баалап, ар дайым мектепке барганды каалоочу. Ал айрыкча Сиздин балдарга түшүндүрүү жана аларды кызыктырууга карата фантастикалык жолуңузду ээрчип жүрдү. Ёхан Сиздин балдарга карата камкордугуңузду жана чынчылдыгыңызды ар дайым белгилеп турду. Мен сизди Ёхандын 3,4 –класстардагы мугалими болгондугуңуз үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет.
Мен жана менин жолдошум Сиздин биздин балабыздын окуусуна көнүл буруп жыйынтыктуу жана так болушуна жардам бергендигиңизге ишенебиз. Ошондой эле, биз Сиздин окуу жетишкендеринен тышкары ага турмуштук жөндөмдүүлүктөрдү үйрөткөнүңүзгө дагы абдан кубанычтуубуз. Сиз ага билим абдан керектүү экендигин жана өзү үчүн баалуулуктардын катарын аныктаганга да жардам бердиңиз.
Биз Сизге Сиздин ишкердигиңизге чоң жетишкендиктерди каалоо менен Сиздин өткөн эки жыл ичинде биздин балабыздын мугалими катары билим бергениңизге чоң ыраазычылыктарды билдиребиз.
Ата-эне Сабина Махлден сын-пикир
Сиздерди жана «Илимдин» бүт жамаатын жаңы 2014-2015 окуу жылынын башталышы менен куттуктайм! Сиздерге жана Сиздердин окуучуларыңызга Ийгиликтерди, ден соолук жана жаңы ачылыштарды каалайм!
Биз Арменияга көчүп барып, Ереван шаарын өзүбүз үчүн ачып жатабыз, жаңы жерге көнүүдөбүз. Балдар америкалык мектептерге барууда, бирок тилекке каршы, орус тилдүү мектептер бизди шарттары жана программасы менен көңүлүбүздү калтырды. «Илимден» кийин биз досторду, көңүл буруу, түшүнүү, абдан кыйын мугалимдери жана орус тилине өтө этияттуу мамиле кылган мектепти таба албайт окшойбуз! Бул жерде баары башкача жана биз «Илим» өзүнүн беделин, көп улуттуу, ынтымактуу , баары, азырынча орус тилинде сүйлөгөн үй-бүлөсүн сактап калат деп терең ишенебиз!
Азырынча, балдар, айрыкча Витя «экинчи Илимди» издешкенине карабай , Витя да, Мишада мектеп менен канааттанууда. Кичинекей Америкада жүргөндөй болуп чыкты! Класстар чоң эмес, балдар ар түрдүү, ар жактан, аларды бириктирүүдө. Витя абдан сагынууда, бирок аракеттенип жатат. Математикадан берген мугалим абдан катуу талап коюп, көп «үйгө тапшырма» берип жатат! Мен ага «Илимде» башында предметтерге даярдануу кандай оор болгонун эстеттим, эң негизгиси, азыр ага кыйын, көнүү (адаптация) мезгилин жеңип кетүүгө жардам бере турган досторду табуу керек дедим.
Гульджамал Джусупбековна! Баарына-балдарга, мугалимдерге абдан чоң салам айтып коюңуз! Биз, силердин баарыңарды эстейбиз жана сүйөбүз, Бишкектеги, «Илимдеги» биздин жашообузду абдан сагынып жатабыз!
Америкалык дипломаттардын үй-бүлөсү Андерсон
1-ден мектебинер жонундо сайт ачып, жок дегенде аз болсо да кыргызча маалымат алганыма чон кубанычтамын. Окуучулар учун жазган эрежелер так жана болук-болук болуп жазылып, бардыгы камтылган. Сиздерге ийгилик каалоо менен!
Чынара
Мен жаңыдан иштеп баштаган мектебим- бул «Илим» болгондугу үчүн абдан кубанычтуумун. Ал мени эң жакшы жакка өзгөрттү. Ар дайым «Илимди» эстегенде абдан сагынамын: ынтымактуу жамаатын, тарбиялуу окуучуларын, ким менен тааныш болуп, чогуу иштешсем, алардын ар бирин. «Илимде» иштөө- кандай гана бакыт! Баарыңарга Россиядан чоң салам! Бардык жыргалды, бакытты, гүлдөп өсүштү каалайм, ал ар дайым биздин эскерүүлөрүбүздө жылуу маанайда гана калсын
Николаева (Чумаченко) Евгения Сергеевна
Биздин «Илим» мектеби чоң, жайында жашыл жана кооз. Токойдо жүргөндөй сезесиң. Бул жерде көптөгөн карагайлар, ак кайыңдар жана башка дарактар өсөт. Укмуштуудай кооз! Кызыктуу мектеп майрамдары өтүп турат, чыгармачылык ийримдер да бар. Мен, мисалы, брейк-данска барам, бул мага жагат.
Мукамбетов Айдар, 4 «А» класстын окучусу
«Илим» - кичинекей мекен! Биздин үй-бүлөбүз үчүн так ушундай. Биз жолдошум экөөбүз дагы бул жерде окуганбыз, ошондуктан балабызды ушул жакка гана берүүнү чечтик. Биз ар дайым бул мектепте окугандыгыбыз үчүн сыймыктанабыз, балабыз да «илимдик» наамын сыймыктануу менен алып жүрөөрүнө ишенебиз!
Кандын үй-бүлөсү, «Илимдин» бүтүрүүчүлөрү

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)