Баа-сындар

«Илим» биздин замандын бардык талаптарына ылайык келген мектеп. Бул жерде ар бир окуучунун руханий өсүшүнө чоң көңүл бурулат. Менин, ата-эне катары оюм боюнча, бул билим берүүдөгү эң негизги нерсе.
Камбаралиева Уулкан (1 «А» класстын окуучусунун апасы)
Мектепти биздин балдардын экинчи үйү катары эсептейбиз. Биздин балдардын тегерегиндеги камкордук жана жылуулук, биз каалагандай. Биз уулдарыбыздын дал ушул «Илимде» билим алып жаткандыгы үчүн кубанычтабыз.
Сиздердин Ринат жана Элла (1 «А» класстын окуучусунун ата-энелери)
Жаңы келген кызматчы катары «Илимди» башка мектептер менен ачык салыштыра алам. Бул жерде келечекте перспективдүү тажрыйба катары абдан керек болгон окутуунун эң алдыңкы усулдары иш жүзүнө ашырылат, мүмкүн болушунча интерактивдүү сабактар жайылтылат.
Исаков К.Ы. (КЖТН мугалими)
«Илимге» мага баарын бергендиги үчүн ыраазымын. Биринчиден, жаңы досторду, экинчиден, жаңы билим. Бийик өркүндөө, эн негизгиси окутуучулардын жана окуучулардын ар дайым эсинде болсун: «Илим – бул мектептен да чоң нерсе».
Мадалинов Азиз мектеп президенти, 11 «А» класстын окуучусу
«Илимди» өз үйүмдөй сүйөм. Биз бул жерде бир чоң үй- бүлөдөйбүз! «Мүдүрү кандай болсо, ошондой мектеп болот» деп айтышат. Ал укмуштуу, кызыктуу, боорукер жандуу адам, бирок ошол эле убакта талап койгон, чынчыл, ар дайым чындыкты табыш үчүн аракеттенет. Ал менен сүйлөшкөндөн кийин өзүңдү абдан жеңил сезип каласың, аны баары угушат, себеби сыйлашат.
Сафа Камилла, 10 класстын окуучусу
Мага окуган жагат, бардык сабактар жагат, айрыкча мекен таануу сабагы. Мектепте окуу тим эле укмуш, ал жерде дүйнөдөгүнүн баары бар. Мугалимдер балдарды жана бири-бирин сыйлашат, сүйүшөт.
Дуйшекеева Аймана, 2 «Б» класстын окуучусу

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)