Баа-сындар

Биздин бүт үй-бүлөбүздун атынан «Илим» ББКсынын эң мыкты уюштуруу иши, сиздердин жеңил эмес эмгегиңер жана биздин балдарга болгон эң чоң сүйүүңөр үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биздин балдар силерге сентябрдын башында келген жок жана класстардын баары толуп калган, ошого карабастан биздин балдарды кабыл алып, камкордук менен, көңүл буруп, жагымдуу шарт түзүп бердиңер. «Илим» ББКсы биздин балдар үчүн экинчи үй, ал эми окутуучу жамаат экинчи ата-эне болуп калды. Сиздердин ырайымдуу эмгегиңер үчүн рахмат айтып, башыбызды ийип таазим кылабыз.
Громыко Л.С.
Биздин үй-бүлөбүздүн атынан мугалимибиз Лосихина Валентина Александровнага жана тарбиячыбыз Сапрыкина Светлана Владимировнага ыраазычылык билдиребиз. Так ушул адамдар биздин балдардын инсан катары калыптанышына, жаңы чектерди ачуусуна, жаңы социалдык орундардын өздөштүрүүсүнө активдүү роль ойногонун билүү абдан жагымдуу. Ушул окуу жылы ичинде бул окутуучулар биздин балдарга абдан көп күч, сүйүү тартуулашты. Биз аларга жасаган эмгеги үчүн абдан ыраазыбыз. «Илим» ББКсынын администрациясы жана мүдүрлөрүнөн 1-А классынын мугалимдерине чоң ыраазычылык билдирип, аларды эмгеги үчүн грамоталар менен сыйлап коюшун өтүнөбүз.
Громыко Л.С.
Биздин Тимурдун бала–бакчадагы үчүнчү укмуштуудай Жаңы жылы. Ушул убакыттын ичинде Тимканын бала-бакчага баргысы келбеген бир дагы эртең мененки убактысы болгон эмес. Ар дайым абдан чоң каалоо менен секирип гана барууда . Бала-бакчага 3-5 күн барбай калса: «Качан мен бала-бакчага барам, абдан баргым келип жатат!»- деп сурай баштайт. Бул биздин тарбиячылардын - балдар үчүн өз сүйүүлөрүн, билимдерин, талаптарын жана сабырдуулугун берген адамдардын сиңирген эң чоң кызматы. 7.30дан баштап бала –бакчада болуп, 19.30да кетпеген адамдардын эмгеги. Майрамдарга карата костюмдарды тигип, билим берүү үчүн материалдарды өздөрү жасагандар. Чынын айтканда, биздин тентек үчүн биздин авторитет тарбиячынын авторитетине караганда анчалык деле күчтүү эмес. Тимка үчүн эң коркунучтуу опуза - бул, мен кээде колдонуучу- тарбиячыларга айтып коём деген коркутуу.
«Шайыр адамдар» жогорку топтогу баланын ата-энесинен баа-сын
Кымбаттуу «Илим» Билим берүү комплексинин мүдүрлөрү жана мугалимдери! Катенева Светлана Геннадьевна Сиздерге Новосибирскиден абдан чоң салам айтат жана Сиздерге сабырдуулук, ден соолук, а биздин кымбаттуу комплексибизге чыгармачылык ийгиликтерди жана өсүп-өнүгүүнү каалайт. Бул комплексте чыныгы таланттуу педагогдор иштешет жана мен Сиздер менен бирге иштешкениме абдан сыймыктанам. Бул жерде, Россияда, мен өз дарегиме «Мындай денгээлдеги мугалимди биз буга чейин жолуктурган эмеспиз» деп айтылган сөздөрдү көп угам. Сиздерге тажрыйба көрсөткөнүңүздөр, жылуу жагдай түзгөнүңүздөр үчүн чоң ырахмат, мен ар дайым сүймөнчүлүк менен эстеймин. Сиздерге Сиздердин жеңил эмес ишиңиздерге ийгилик каалаймын!
Катенева Светлана Геннадьевна
Менин балдарым, Джозеф (бала-бакчанын даярдоо тобу) жана Николь (3-в класс), 2 жылдан бери «Илим» ББКсына барат. Бул убакыттын ичинде биз бул жактагы мугалимдерге да, тарбиячыларга да, досторубузга да көнүп калдык. «Илим» бизди биринчи күндөн тартып абдан жакшы меймандостук менен кабыл алды. Коомдук жашоосу дүркүрөп жүрүүдө. Педагогикалык жамааты- эң сонун, жардамын аябаган, сылык, көңүл бурган жана камкордук менен мамиле кылган мугалимдер.
Эртең менен коюлуучу оюндары жана майрамдык иш-чаралары абдан жакшы, чоң сахналарда коюлуучу денгээлде өткөрүлөт. Билим берүүчүлүк жана окуу бөлүмдөрүнө да абдан ыраазыбыз. Сиздерге чоң ырахмат! Биз Сиздерди ар дайым эстеп жүрөбүз! Ийгилик, жетишкендик, жеңиш жана гулдөп- өсүүнү каалайбыз!
Сиздерди урматтообуз менен Краматтардын үй-бүлөсү
Биз балабыз Ёхандын «Илимде» өткөргөн акыркы үч жылы үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет. Ал ар дайым мектепке барууну каалоо менен мектеп коомчулугуна жөнөкй гана кирип кетчү. Биз «Илим» мектеби тек гана укмуштуудай билим алуунун гана жери эмес, ал чыныгы турмуштук көндүмдөрдү алуунун жери деп эсептейбиз. Тактап айтканда, 3,4 класстарда Валентина Александровна фантастикалык иштерди жүргүздү: ал Ёханга билим анын жашоосунда канчалык маанилүү экендигин түшүндүрдү.
Биз башка өлкөгө кетип жатабыз жана ал жакта жаңы байланыштар, жаңы таанышуулар күтүп жатат, бирок биз эң алгачкылардан болуп Ёханга жардам берген жана аны менен иштешкен, андагы азыркы инсандык калыптануусун өнүктүргөн мугалимдерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Ал ар дайым өзүнүн Иерусалимдеги классташтары менен байланыштарын жоготпогонго аракет кылат, ошондой эле, эгерде качандыр-бир убакта Кыргызстанга келгенге мүмкүнчүлүк болсо, биз «Илимге» милдеттүү түрдө кирип кетерибизге мен чын дилимден ишенемин!
Чын жүрөктөгү каалоолор жана сый-урмат менен Ёхандын ата-энеси - Сбина Махль менен Эрик Горлан

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)